Президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктап жатып, өлкөдө өзгөчө кырдаал режими сакталып, мөөнөтү дагы узартыларын айтты.

Мамлекет башчысы азыркы учурда коронавирус илдети кооптуу бойдон калууда, коркунучтан элди аман-эсен алып чыгуу үчүн бийлик тараптан болгон күч-аракет жумшалып жатканын белгиледи.

Ошондой эле президент коомдун саламаттыгы үчүн мамлекет жооптуу экенин айтып, бирок оорунун жайылып кетүүсүнө жол бербөө үчүн ар бир жаран да өз жоопкерчилигин сезүүгө милдеттүү экенин баса белгиледи.

Оюӊузду комментарийде бөлүшүӊуз

Please enter your comment!
Please enter your name here