АКШнын ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору COVID-19 вирусу менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга 1,38 миллион доллар бөлдү. Бул тууралуу 7-майда өткөн брифингде айтылды.

Борбордун Бишкектеги кеңсесин жетектеген доктор Дэниэл Сингердин айтымында, CDC тобу Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте коронавирус менен күрөшүү планын ишке ашырат.

«Каражаттар чыгым материалдарына, Кыргызстандын лабораторияларын жабдууга, өлкөнүн COVID-19 тестин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, ошондой эле чет өлкөдөн келген адамдарды көзөмөлдөө боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарына бөлүнөт» деди Сингер.

Ал белгилегендей, жабдууларды сатып алуу КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин макулдашуусу боюнча жүргүзүлөт.

 

 

 

Оюӊузду комментарийде бөлүшүӊуз

Please enter your comment!
Please enter your name here