Бүгүн, 14-январда Биринчи Май райондук соту криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти кароону улантууда. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, адвокаттар экс-президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч менен кайрылууну көздөп жатышат.

Бир күн мурун, 13-январда сот отуруму болгон жок. Сот отурумунда мурдагы президенттин ден-соолугунун начарлап кеткендиги боюнча медициналык корутунду берилди.

30-ноябрда Жогорку Сот Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулгандыгы боюнча иштин мурунку инстанцияларынын өкүмдөрүн жокко чыгарып, аны Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун кароосуна жөнөттү.

Эске салсак, 2020-жылдын декабрь айынын аягында экс-президент Алмазбек Атамбаев ден-соолугуна байланыштуу УКМКнын СИЗОсунан №47 колонияга которулган. Ага чейин ал УКМКнын СИЗОсунда кармалып турган.

Булак: kabarlar.org

Оюӊузду комментарийде бөлүшүӊуз

Please enter your comment!
Please enter your name here