Парламентте премьер-министрдин кызмат орду талкуулана элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы 24.kg маалымат агенттигине билдирди.

Маалыматта, парламенттеги көпчүлүк министрлер кабинетинин башчысы катары азырынча Артем Новиковдун кала беришин жактырышууда. «Башка талапкерлер талкуулана элек. Коалиция премьер-министрди Садыр Жапаровдун инаугурациясынан кийин шайлайт », — деп билдиришти парламенттен.

Эске салсак, 10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча жалпы элдик добуш берүү болуп өттү.

Оюӊузду комментарийде бөлүшүӊуз

Please enter your comment!
Please enter your name here