Бүгүн, 8-июлда өкмөт үйүндө Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов шаардагы эпидемиологиялык абал тууралуу онлайн маалымат жыйын берди.

Мэр Суракматов борбор калаада эпидемиологиялык абал курч болуп жатканын айтып, шаар тургундарын себепсиз көчөгө чыкпай, эрежелерди сактоого чакырды.

“Урматтуу шаар тургундары! Илдет азайганга чейин себепсиз көчөгө чыкпай, бардык жолугушууларды токтотуп туруубуз абзел. Балдарды үйдөн чыгарбаңыздар. Короодо сейилдеп ойногусу келет бирок баланы көчөгө чыгарып, анын ден-соолугуна жана өмүрүнө коркунуч алып келесиздер. Азыркы учурда улгайган жана өнөкөт оорусу бар адамдарды изолияциялоо өтө маанилүү”, – деди мэр.

Булак: Govori.tv

Оюӊузду комментарийде бөлүшүӊуз

Please enter your comment!
Please enter your name here