Ири көлөмдөгү зер буюмдарын контрабандалык жол менен ташып кетүү фактысы боюнча УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Болотбек Сүйүмбаевдин тиешеси бар экендиги аныкталды.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, ал бир нече жолу суракка чакырылган, бирок анын келбегендигине байланыштуу, кылмышка шектүү деп билдирүү берилген.

Сүйүмбаев КР Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси боюнча — «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Экономикалык аткезчилик» боюнча шектелүүдө. Ал азыр изделүүдө.

«Учурда тергөө тобу тарабынан жасалган кылмыштардын бардык жагдайларын аныктоого жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга багытталган зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп билдирди УКМК.

Оюӊузду комментарийде бөлүшүӊуз

Please enter your comment!
Please enter your name here