Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин үйүндө укук коргоо органдары тинтүү жүргүзүштү. Бул тууралуу депутаттын жактоочусу Бактыбек Жумашев VB.KG сайтына билдирди.

— Укук коргоо органдарынын бул аракеттерине сот тартибинде даттанабыз. Тинтүү мыйзам бузуу менен жүргүзүлдү. Бирок, тинтүү учурунда менин кардарыма зыян келтирген маалымат, буюмдар же маалыматтар табылган жок”- деди Бактыбек Жумашев.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы да тергөө ишинин алкагында, Жумалиевдин туугандарынын жана досторунун үйлөрүндө жана кеңселеринде тинтүү жүргүзгөндүгүн тастыктады.

Эске салсак, буга чейин Башкы прокуратура тарабынан Кубанычбек Жумалиевге “Мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча айып тагылган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

Оюӊузду комментарийде бөлүшүӊуз

Please enter your comment!
Please enter your name here