Кыргызстанда камактагыларды кармоо үчүн күнүнө 80-90 сом бөлүнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Айваз Кадыров билдирди.

Анын айтымында, 8 миң адам эркинен ажыратуу жайларында жазасын өтөп жатышат, алардын 300гө жакыны чет элдик жарандар.

«Эгерде чет өлкөлүктөрдүн арасында өзгөчө оор кылмыштар болбосо, анда биз аларды бошотушубуз керек. Эмне үчүн биз аларды тейлөөгө акча коротобуз. Биздин коңшу мамлекеттер соттолгон чет өлкөлүк жарандарды депортациялоодо тажрыйбага ээ болушкан ”, — дейт депутат Кубанычбек Нурматов.

Эскерте кетсек, парламент Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Апрель Элдик Революциясынын 10 жылдыгына карата мунапыс жарыялоону сунуштап жатат.

Демилгечилердин айтымында, мунапыс 3 миңден ашуун камалгандарга эркиндик берет.

Оюӊузду комментарийде бөлүшүӊуз

Please enter your comment!
Please enter your name here