Жогорку Кеӊештин депутаты Жанар Акаев аялын сабады. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына укук коргоо кызматкерлери билдиришти.
Алардын айтымында, кечээ, 8-январда милицияга Бишкек шаарынын Турусбеков көчөсүндөгү батирлердин биринен үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Жаран К.Ж окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлерине кайрылып, жолдошу Жанар Акаев тарабынан сабалгандыгын айткан.
Бул факт Ленин райондук ички иштер башкармалыгында Кылмыш-жаза кодексинин «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси боюнча катталды.