Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымынын орун басары Урматбек Кокочаров аталган мекеме «Менин үйүм — 2021-2026» программасынын алкагында төрт пайыздан 25 жылга ипотекалык насыя берүү долбоорун иштеп чыккандыгын айтты.

«Менин үйүм — 2021-2026» долбоору мамлекет башчысы тарабынан колдоо тапкан, эми өкмөттүн тиешелүү буйругу менен бекитилген соң ишке ашат. Мындай маалыматты Урматбек Кокочаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.

Анын айтымында, калкты арзан турак жай менен камсыз кылуу максатында Мамлекеттик ипотекалык компания дагы башка долбоорлорду иштеп чыгууда.

Ошондой эле аткаминер аталган долбоордо банктардын жана МИКтин комиссиясы кошулбай түз каржылоо аркылуу ишке ашарын кошумчалады.

Оюӊузду комментарийде бөлүшүӊуз

Please enter your comment!
Please enter your name here