Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов камакка алынгандыгын жарыялады. Комитеттин маалыматы боюнча, Н.Анаркулов тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы аныкталган.

«Нургазы Анаркулов кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке материалдык жактан байыгуу максатын көздөп, кызматка дайындоо жөнүндө оң чечим кабыл алуу үчүн мамлекеттик жетекчи кызмат орундарынын бирине арыз берген адамдан өзгөчө ири өлчөмдө акча талап кылган» — деп билдирет УКМК.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. 30-январда Анаркулов кармалып, КР УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына жеткирилген.

 

Оюӊузду комментарийде бөлүшүӊуз

Please enter your comment!
Please enter your name here