Өкмөттөр аралык жаңы келишим боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда мындан ары талаштуу чек ара участоктору жок. Эгемендүүлүк жылдар ичинде эки мамлекет мындан совет доорунда мындан 50-60-70 жыл мурдакы чечимдер боюнча кабыл алынып калган келишимдер жана токтомдор боюнча талаштарды акырына чейин чече албай келген. Бийликке Садыр Жапаровдун командасынын келиши менен чек арадагы сууга, анклавдарга, кендерге тиешелүү эң эле талаштуу делинген маселелердин акыркы 15%зы жөнгө салынды. Бирок Кыргызстандын өзүндө бул колдоо таппай жатат. Апрель айы бою чек ара тилкесинде жашаган айыл тургундарынын митингдери токтобой келүүдө. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин апрель башынан бери айыл тургундары менен жолугушуулары токтой элек. Бүгүн ал Ош областынын Өзгөн районундагы Куршаб айыл аймагынын тургундары менен жолугушуп, Кемпир-Абад суу сактагычынын тегерегиндеги жерлер Кыргызстанда кала берерин билдирди.

УКМКнын башчысы мурдараак ушул эле маселе боюнча Ош областынын Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушуп, жаңы келишим боюнча Өзбекстанга өткөрүлүп бериле турган жерлердин гектарын азайтууга убада берди. Документке ылайык, Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычы суу ресурстарын биргелешип башкаруу шарттарында Өзбекстандын аймагында калмакчы; өзбек тарап КРнын жарандарын сууга жана аны пайдаланууга – суу ичүүгө, сугарууга, балык кармоого ж.б. эркин жана тоскоолсуз жеткиликтүүлүгүн камсыздап турууга тийиш.

«Эми сиздер берип жаткан суроолорго токтололу. Кемпир-Абад суу сактагычын бербейбиз. Мен муну комиссиянын төрагасы катары айтып жатам. Бирок бизге Кемпир-Абад суу сактагычынан пайда барбы? Биз сиздердин пикириңиздерди эске алып жатабыз. Биз Сузак жана Аксы райондорунун жерлери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзсөк болобу? Экономикалык көз караштан алганда суу сактагычтын пайдасы жок», — деди Камчыбек Ташиев бүгүнкү жолугушууда.

Суу сактагыч жана ага жакын жайгашкан жерлер дээрлик 60 жылдан бери мурдакы эки советтик, учурда суверендүү республикалардын ортосунда талаш болуп келген. Тээ 1962 –жылы Өзбекстандын жетекчилиги пахта талааларын суу менен камсыздап туруу максатында боордош кыргыз элинен Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактыгычын курууну өтүнгөн.

Мында көйгөй маселе, Өзгөн районунун бай түшүм берип турган 5 миң гектардан ашуун суулуу жерлери суу сактагычтын астында калып кеткен. Андан тышкары, тургундарды башка жерге көчурүп, ал жакка жаңы инфраструктура куруу талап кылынган. Бул маселени советтик Кыргызстандын жетекчилери жергиликтүү тургундар менен талкуулагандан кийин курулушка макулдугун берип, 1965-жылы Өзбек жана Кыргыз ССРнын Министрлер Совети биргелешкен токтом кабыл алышкан. Аталган документте Кыргызстан өзүнүн жерлерин сугарууга укук ала турганы, ал эми Өзбекстан кыргыз элине Сох суу сактагычын куруп берүүгө милдеттенгени дагы бир жолу тастыкталган. Мындан тышкары, суу сактыгычты куруу үчүн алынган жерлердин ордуна Өзбекстан ошончо эле жер аянтын берүүгө милдеттенип, бирок 4100 гектар гана жер берген.

Мына ушул маселе ондогон жылдардан бери быйылкы жылга чейин чечилбей келген. Эми 8,4 миң гектар жер Кыргызстандын карамагына өтүүдө. Атап айтканда:

  • Көк-Серек айыл аймагына – 105 га;
  • Ала-Бука районундагы Баястанга – 212 га;
  • Кара-Суу районундагы Ак-Ташка – 100 га;
  • Кара-Белеске – 25 га;
  • Наманган жана Жалал-Абад областтарынын ортосундагы Гавасайга – 8 миң га;
  • Үңкүр-Тоо тоосундагы 35 га. жер берилүүдө.

Өз кезегинде Кыргызстан 50 га жерин өткөрүп берет жана келишимде Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычын биргелешип пайдаланууну бекитет. Ынтымак айылындагы митингден кийин Камчыбек Ташиев Өзбекстанга 20 гана гектар жер берүүнү талкуулоону сунуш кылды.

Эксперттер чек ара маселелеринде көйгөйдү акыр аягына чейин жеткире айтпай коюу, татаал маселелерден кетенчиктөө көйгөйдү ого бетер арттыраарын бир ооздон айтышууда. Кыргызстандагы элита абдан эле саясатташып кеткендиктен президенттин же өкмөттүн чечимдери эске алынбай, бир айылдын кызыкчылыгынан тышкары бүтүндөй мамлекеттин да кызыкчылыктары бар экенин унутулуп калууда.

Чек ара мамилелерин оюнга айландыруу менен өлкө 20 же 50 гектар жерден алда канча көп нерсени – мисалы, чырт эткен ширеңке тутанып кете турган Фергана өрөөнүндөгү кошуналык ынтымакты жоготуп алышы мүмкүн. Чечилбеген чек ара маселелери Кыргызстан менен Өзбекстандын да, Борбор Азиядагы да чыңалуунун туруктуу булагы болуп келүүдө.

Чек ара – бул дайыма эпке келүү же ымалалашуу маселеси, биздин кошуналардын да позициясы бар, аны да сыйлашыбыз керек. Ошондуктан бул жерде тил табышуудан кача албайбыз, анын үстүнө чек ара маселелерин чечүү чек арага тилкелеш айылдардын турмуш денгээлин жогорулатуу менен да тыгызыраак алектенүүгө мүмкүнчүлүк берет. УКМКнын башчысы бул туурасында да жолугушуунун жүрүшүндө тургундарга баса белгиледи.

«Баткен областында суу сактагыч куруу керек. Суммасын айтпай эле коёюн. Каржылоо маселеси чечилген. Лейлек районунда да суу сактагычты куруу боюнча долбоор иштелип жатат. Бул маселелер чечилмейинче сиздердин талабыңыздар боюнча Кемпир-Абад суу сактагычына тийбей коё турабыз», — деди К. Ташиев.

Кыргызда: «Көңүлдүү коңшуга ызалуу сөз айтпа» деген накыл сөз бар, мейли, азырынча кай бир учурларда ызалуу сөздөрдү айтып жатышканы менен өзүбүздү ошол боюнча баалабайлы жана өзүбүзгө жаккан чечимдерди кабыл албай туралы.

Анткени биздин элибиз кылымдардан бери ата-бабалардын: «Корооңо сак бол, коңшуңду ууру тутпа» деген даанышман насааты менен жашап келет. Эми азыр да өзүлөрү алда канча көбүрөөк чегинүүлөргө барып жаткан кошуналар менен тытышкандын ордуна өзүбүздүн өлкөдөгү жашоону кантип жакшыртуу керек, ошону көбүрөөк ойлойлу.

Арийне, чек аралардын толук кандуулугу аткезчиликке, наркотрафикке, экстремисттик агымдарга, анан да Ташкент менен Бишкектин ортосундагы талаш-тартышка кызыкдар күчтөрдүн баарына бекем бөгөт коёт. Ошондуктан айылдарды дүрбөлөңгө салып, эки элдин ортосунда жаңыдан гана достук байланыштар менен өз ара жагымдуу мамилелер жанданып келатканда бүлүк салып жаткандар мына ошолор.

Оюӊузду комментарийде бөлүшүӊуз

Please enter your comment!
Please enter your name here