Туризм департаментинин башчысы Максат Дамир уулу кризистин эс алуу наркына кандайча таасир этерин айтып берди

Коронавирустук пандемия Кыргызстандагы туризмге быйыл кандай таасирин тийгизет?

Быйылкы туризм бир гана Кыргызстанда эмес, дүйнө жүзүндө чоң зыян тартты десек болот. Биздин өлкөдө бул тармак экономиканын эң аярлуу сектору болуп саналганына карабай, азыр бардык мамлекеттерде чек аралар жабык, эч ким кирбейт, чыга албайт дагы. Ушуга байланыштуу биздин республикада жай мезгилине пландалган бардык туристтик сапарлар толугу менен токтоду.

Дүйнөлүк туристтик уюмдун маалыматы боюнча, коронавирустун туризм тармагына терс таасири 2-3 жылга чейин уланат. Ошондуктан, 2021-жылы биз 2019-жылдагы калыбыбызга кайтып келебиз деп айтуу да азырынча кыйын.

Албетте пандемия аяктаганда биз акырындап мурунку калыпка кайтып келебиз деп үмүттөнөбүз. Бирок, болжолдоо кыйын, анткени башка өлкөлөрдө карантин биздикине караганда узак убакытка созулушу мүмкүн болуп турат.

Мисалы Греция туристтер үчүн «ден-соолук паспортун» киргизүүнү пландап жатат. Башкача айтканда, чет өлкөлүк жарандар бул өлкөгө келгенге чейин COVID-19 тестинен өтүп анан Грециянын аймагына кирсе болот экен, бул маселе Кыргызстанда каралып жатабы?

Азырынча бул маселе талкуулана элек. Май айынын аягына чейин биз изилдөө жүргүзөбүз жана кризиске каршы план даярдайбыз. Балким, чогуу Республикалык штабдын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана башка мамлекеттик органдар менен жол жобосун кеӊешип маселени чечүүнүн жол жоболорун иштеп чыгышыбыз мүмкүн.

Пандемиядан кийин туризмди кандайча калыбына келтирүүнү пландап жатасыз?

Биздин жарандар өлкө ичинде саякатташы үчүн, биз ички туризмге көбүрөөк көңүл бурабыз. Себеби, 2019-жылы, Кыргыз Республикасынын жарандары эс алуу максатында чет өлкөгө чыкканда туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн импорту 350 миллион доллардан ашкан. Бирок азыр коронавирустун арты менен экономикалык кризис келди, андыктан быйыл башка мамлекеттерге саякаттоого талап анчейин болбойт. Бирок буга карабай биз ошол 350 миллион доллардын 30-40 пайызын эсептей турган болсок, анда ички туризмден болжол менен 100 миллион доллар казынага түшүшүшү мүмкүн.

Ички туризмди өнүктүрүүгө кандай пландарыңыз бар?

Туроператорлор ушул багытта иштешет жана биз өз тараптан жардам берүүгө аракет кылабыз. Өлкө ичинде «түштүк-түндүк» чартердик учууларды уюштуруу максатында сүйлөшүүлөр башталды. Чоң шаарларда аэропортторубуз бар. Мисалы, биз адамдардын Ысык-Көлгө келе алышы үчүн шарт түзсөк, анда биз, жок дегенде, чакан бизнести кармап кете алабыз.

Учурдагы кризис бааларга кандай таасир этет? Ысык-Көлдөгү эс алуунун баасы көтөрүлүшү мүмкүнбү?

Жок, анткени ал базар мамилелеринин мыйзамдарына каршы келет. Суроо-талап төмөндөгөндө, сунуш өсүп, ошол эле учурда, баа төмөндөп сапат жогорулашы керек. Менин оюмча, туристтик индустрия өзүнүн потенциалдуу кардарларынын көңүлүн максималдуу бурууга аракет кылат. Бул жагынан балким, тескерисинче, баалардын төмөндөшү байкалат.

Кыргызстандагы туризм тармагынын өкүлдөрү менен абал кандай? Алар менен сүйлөшүп көрдүңүздөрбү?

Азыр биз регионалдык тейлөөчүлөр жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда бул боз үй лагерлери, конок үйлөрү, жылкыларды ижарага алган адамдар, кол өнөрчүлөр, сувенир дүкөндөрү болушу мүмкүн, анда бул чөйрөнүн көптөгөн өкүлдөрү тилеке каршы быйыл жабыр тартышат. Анткени алардын көпчүлүгү чакан бизнес, ошондой эле коммерциялык банктардан насыя алышат. Эгерде акча болбосо, насыяны төлөй албай калабыз деп азыртан айтып жатышат.

Ушуга байланыштуу, пандемия башталганга чейин ушул жылдын март айында, биз өкмөт жана Улуттук банктын алдында туризм тармагына жана алардын өкүлдөрүнө көңүл буруу маселесин көтөрдүк. Алар насыялардын мөөнөтүн узартуу маселесин карап көрүүнү убада кылышты.

Макала vesti.kg маалымат сайтынан алынып кыргызчаланды.

Булак: obzor.kg

 

Оюӊузду комментарийде бөлүшүӊуз

Please enter your comment!
Please enter your name here