«Манас» эл аралык аэропортунун төрагасы Бактыбек Сыдыков кызматынан бошотулду. Маалыматты 9-февралда аэропоттун басма сөз катчысы Алия Курбанова тастыктады.

«Мамлекеттик мүлк фондунан жаңы эле кабар келди. Бактыбек Сыдыков кызматынан алыныптыр. Анын ордуна Бакыт Шаршеев дайындалаарын айтышты»-деди Алия Курбанова.

Азырынча Сыдыковдун иштен алынышына эмне себеп болгону айтылган жок.

Жаңы дайындалып жаткан төрага Бакыт Шаршеев Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын экс-депутаты.

Эске салсак: Бактыбек Сыдыков бул кызматка 2020-жылдын октябрь айында дайындалган. Ага чейин 2007-2010-жылдары аэропортту жетектеген.

Булак: t-media.kg

Оюӊузду комментарийде бөлүшүӊуз

Please enter your comment!
Please enter your name here