Кыргызстанда 10-май күнү эртең менен коронавирустун 71 учуру аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүн брифингинде билдирди.

Жаңы учурлар аныкталды:

— Нарын облусунда — 1

— Жалал-Абадда — 5

— Чүй облусунда — 56

— Ош облусунда — 3

— Бишкек шаарында — 2

— Баткен облусунда — 4

10-майга карата Кыргызстанда жалпысынан 1002 адамдан коронавирус оорусу аныкталды.

Министрдин орун басарынын айтымында, Чүй облусундагы 56 адамдын ичинен 55 учур жакында Россиянын Соль-Илецк шаарынан келген кыргызстандыктардын арасында аныкталган.

Оюӊузду комментарийде бөлүшүӊуз

Please enter your comment!
Please enter your name here