Белигилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов Садыр Жапаровдун эл арасында абройу көтөрүлүп, ага азыр көпчүлүк ишеним артып тургандыгын белгиледи. Бул тууралуу тарыхчы мындай деди:

Менден тааныштарым, туугандарым, журналисттер көп сурашат: «Кимди колдойсуз?» — деп. Мен: «Кимиси тарыхты колдосо, ошонусун колдойм» — деп жооп берип келем.
Бирок мен эки жарым жыл мурда эле Арабаев университетинде өткөн бир чоң илимий жыйында кийинки Президент Ысык-Көлдөн, Бугунун Белек уруусунан болоорун айткам. Ага жыйында отургандардын бардыгы күбө.
Ооба, бул жолу сөз жок Садыр Жапаров шайланат. Мен да анын шайланышын каалайм! Анткени 5-октябрдан кийин өлкө тагдыры өтө чоң коркунучка туш болгондо мамлекетти Садыр Жапаров жана анын командасы сактап калды!
Бирок ага өтө оор болот. Өтө оор мезгилде жоопкерчиликти моюнга алып жатат. Өлкөдө түзүлгөн оор кырдаалды оңдоп-түзөөгө темирдей бекем эрк керек. Садыр Нургожо уулунда эрк бар. Бирок ага тоскоол болуучу жагдайлар өтө көп. Эң башкысы кыйынчылыктарды жеңип чыгуу үчүн күчтүү, мекенчил, мамлекетчил, акактай таза командасы болуусу абзел. Азыркыга чейин убактылуу кызматка коюлгандар, шайлоо учурунда аны тегеректеп, чуркап жүргөндөрдүн көбү ага жарамсыз. Азыр шайлоо убагында да аны эски, өз кызыкчылыгын өйдө койгондор курчап алды. Эми алардан тазалануу, өзүнөн алыстатуу да өтө кыйынга турат. Кыскасы шайлоодон соң аны көп проблемалар күтүп жатат.
Эл менен жолугушууда өтө көп маселелер менен кайрылуулар да көп болууда. Аларды чечүүгө убадаларын берип жатканын көрүүдөбүз. Алар чечилбесе, өлкөдөгү түйүндүү маселелер тез аранын ичинде жолго коюлбаса элдин ишеними бат эле өчөт! Элдин ишеним өчкөн өлкө кайрадан туңгуюкка кептелет!
Эң башкысы шайлоо тынч өтүп, эл жылдызы жанган Садыр Жапаровду шайлап алышын каалайм, жана элди добуш берүүгө чакырам! — деди Кыяс Молдокасымов

Оюӊузду комментарийде бөлүшүӊуз

Please enter your comment!
Please enter your name here