Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өз каалоосу менен фракциянын лидерлигинен кетти. Анын ордуна депутат Айсулу Мамашева фракция лидери болуп, анын орун басарлыгына дагы бир депутат, фракция мүчөсү Наталья Никитенко шайланды.