АКШнын президенти Дональд Трамп BBC телеканалына маек берип жатып, өлкөдө коронавирустан каза болгондордун саны 100 миң кишиге жетиши мүмкүн деп билдирди. Ошол эле учурда, ал өзүнүн администрациясы кырдаалга ыкчам реакция жасаган жок деген айыптоолорду кескин четке какты.

Ошондой эле Трамп коронавируска каршы вакцина ушул жылдын аягында пайда болоорун айтты.

Учурда дүйнө жүзү боюнча Covid-19 вирусун жуктуруп алгандар менен анын кесепетинен каза тапкан адамдардын саны боюнча АКШ алдынкы орунга чыгып, АКШда 1,1 миллион адам дартка чалдыгып жана 68 миңден ашуун адам көз жумду.

Оюӊузду комментарийде бөлүшүӊуз

Please enter your comment!
Please enter your name here