«Менин президент катары милдетим — келечекке багытталган иштерди жасоо, аларды ишке ашыруу, утурумдук иш эмес. Жеңил пиар эмес, менин милдетим. Айтканым, жасаганым өзүм үчүн эмес, мамлекет үчүн, эл үчүн болгон иштер. Ошондуктан да көп нерсени, мүмкүн, азыр айтпайм жана айта албайм дагы. Анткени, коомдогу тынчтык мага абдан маанилүү», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациянын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде, үгүт иштери мезгилиндеги анын дарегине айтылган сын-пикирлер жөнүндөгү суроого жооп берип жатып.

Популисттик билдирүүлөр тууралуу Мамлекет башчысы алар дайыма болуп келгенин жана боло берерин белгиледи.

«Жаш саясатчылар гана эмес, 20-30 жылдап саясатта жүргөн саясатчыларыбыз да популизмге алдырып жатышат да. Ошондуктан, бизде элибизде жакшы лакап бар — „Ушак уксаң унутуп сал, эстүү айтылган кеңешти эсиңе сал“ деген, ошону айтат элем», — деп баса белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков үгүт иши болуп жаткандыктан «тигил, бул» деп атын атап, аларга реклама, пиар кылбай турганын кошумчалады.

Оюӊузду комментарийде бөлүшүӊуз

Please enter your comment!
Please enter your name here